Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тынар Курбаналиев: сахнада жүрүп мамлекетке 1,6 миллион сом пайда келтирдим

© SputnikБелгилүү сахна жылдызы Тынар Курбаналиев маек учурунда
Белгилүү сахна жылдызы Тынар Курбаналиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү сахна жылдызы Тынар Курбаналиев үй-бүлөсүн куудулдук өнөрү менен багып келе жатканын белгиледи.
Тынар Курбаналиев: сахнада жүрүп мамлекетке 1,6 миллион сом пайда келтирдим

Өнөр ээси 16 жыл сахнада жүрүп мамлекетке кеминде 1,6 миллион сом пайда келтиргенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, бир концерт өткөрүү үчүн 25-30 миң сом салык төлөйт.

"Биз өзүбүздүн эле жаныбызды бакпай мамлекеттин да киреше булагын толтуруп турабыз. Мисалы, менин чоң сахнага келгениме 16 жыл болду. Концерт өткөргөндө жыл сайын төлөгөн салыктарыбыз орто эсеп менен 100 миң сомго чукулдап барат. Демек, 16 жыл ичинде мамлекетке 1,6 миллион сом пайда келтирген болом" — деди куудул.

Курбаналиев бир концертти өткөрүүгө кеткен чыгаша 150 миң сомдун тегерегинде болсо, ал эми тапкан акчаны тиешелүү тараптарга төлөй келгенден кийин өзүнө 40 миң сомдой каларын кошумчалады.

Тынар Курбаналиев менен болгон толук маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0