Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакыт Төрөбаев: өкмөттү таратуу боюнча чечим кабыл алдык

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциянын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциянын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресстин" лидери өкмөт ЕАЭБ боюнча дагы жарытарлык иш жасабагандыгына токтолду.
Бакыт Төрөбаев: өкмөттү таратуу боюнча чечим кабыл алдык

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясы өкмөттү отставкага кетирүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Ал бул чечим өкмөттүн ЕАЭБ боюнча жасаган ишинен кийин жана экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөп кеткендиктен улам кабыл алынгандыгын кошумчалады.

"Биздин фракция өкмөттү отставкага кетирүү боюнча чечим кабыл алды. Ошого байланыштуу өкмөттүн жасаган иши боюнча отчет берүүсүн талап кылабыз", — деди Төрөбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин "Ата Мекен" фракциясы дагы ушундай эле чечим кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0