Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрдик Таалайбек уулу: Америкада болгон өнөрүбүздү көрсөтө алган жокпуз

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция в поддержку танцевального коллектива колясочников "Тумар" в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
Пресс-конференция в поддержку танцевального коллектива колясочников Тумар в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн айда Америка America's got Talent шоусунун кастингине катышып келген "Тумар" тобунун бийчилери азыр уюштуруучулардын жообун күн санап күтүп жаткан чагы.
Эрдик Таалайбек уулу: Америкада болгон өнөрүбүздү көрсөтө алган жокпуз

Кастингде топтун толук мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө убакыт берилбегенин группанын мүчөсү Эрдик Таалайбек уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Кастингге катышуучулар аябай көп болгондуктан убакыт абдан эле чектелген экен. Ар бир номерге 90 гана секунддан берилиптир. Биздин номер жалпысынан беш мүнөткө созулмак. Ошол себептүү биз бийибиздин аз гана бөлүгүн көрсөтүүгө жетиштик. Башкача айтканда, өнөрүбүздү толугу менен көрсөтө алган жокпуз", — деди бийчи.

"Тумар" бийчилер тобу аталган шоуга катышар-катышпасы февраль айынын аягында белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0