Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дастан Жапар уулу: Индиядагы кинофестивалга Орто Азиядан "Ата керээзи" гана катышат

© Фото / Виолетта СавчицТоржественная церемония закрытия 23 Международного кинофестиваля "Листопад" в Минске
Торжественная церемония закрытия 23 Международного кинофестиваля Листопад в Минске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Патна шаарында өтүүчү фестиваль 16-февралда башталып 23-февралда жыйынтыкталат.
Дастан Жапар уулу: Индиядагы кинофестивалга Орто Азиядан "Ата керээзи" гана катышат

Индиядагы кинофестивалга Орто Азиядан "Ата керээзи" гана катышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган тасманын режиссерлорунун бири Дастан Жапар уулу кабарлады.

Буга чейин аталган тасма Индиянын дагы бир белгилүү кинофестивалына чакыруу алганы маалымдалган.

Дастан Жапар уулунун айтымында, аталган фестивалда "Ата керээзи" "Эл аралык толук метраждуу тасмалар" сынагында тогуз тасма менен ат салышат.

"Ата керээзинин" Индиянын абройлуу Bodhisattva International Film Festival деп аталган маданий иш-чарасына экинчи жолу чакыруу алышы кыргыз киносу үчүн чоң жаңылык болду десек болот. Фестивалдын ачылганына аз убакыт болсо да өлкөдө белгилүү фестиваль экен. Патна шаарында өтүүчү фестиваль 16-февралда башталып 23-февралда жыйынтыкталат. Буюрса биздин тасма байгелүү орунга жетишет деген үмүттөбүз", — деди режиссер.

Эскерте кетсек, 2-9-февраль күндөрү Индиянын Бангалор шаарында өткөн эл аралык кинофестивалга катышкан кыргызстандык тасма баш байгеге ээ болуп, олжолуу кайткан.

Эки саатка чукул созулган толук метраждуу "Ата керээзи" тасмасы "Кыргызфильм" жана "Элфильм" студияларында тартылып, башкы ролдордо Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0