Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Койсун Курманалиева: Кыргызстанда аялга мамлекеттик кызматты аркалоо эки эсе татаал

© Фото / Мирбек Асаналиев Талас облусунун экс-губернатору Койсун Курманалиеванын архивдик сүрөтү
Талас облусунун экс-губернатору Койсун Курманалиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-губернатор кыргыз аялдары бир гана социалдык тармактарда эмес, күч органдарында дагы мыкты иштей аларына 100 пайыз ишенерин кошумчалады.
Койсун Курманалиева: Кыргызстанда аялга мамлекеттик кызматты аркалоо эки эсе татаал

Мамлекеттик жогорку кызматты аркалоо аял киши үчүн эки эсе оор экенин экс-губернатор Койсун Курманалиева айтат.

Анын пикиринде, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери мамлекеттеги бийликтин табияты дагы өзгөрдү.

"Азыркы учурда мамлекеттик, саясий чоң кызматтарда иштөө эркектерге дагы татаал болуп калган мезгил. Ал эми аялдарга эки эсе оор. Анткени кыргыздын менталитетинде эркек баары бир өйдө, бийик турат. Аял киши дайыма элдин көз алдында болуп, сын, талап көп коюлат", — деди Курманалиева.

Ошондой эле экс-губернатор кыргыз аялдары бир гана социалдык тармактарда эмес, күч органдарында дагы мыкты иштей аларына 100 пайыз ишенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0