Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элмира Жумалиева: аялдар эркектерге салыштырмалуу саясий оюндарга аралашпайт

© Фото / Бакыт Султанов Депутат Эльмира Джумалиева
Депутат Эльмира Джумалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын 60-беренесиндеги бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпашы керек деген эреже бузулуп жаткандыгы тууралуу коомчулукта нааразычылыктар пайда болууда.
Элмира Жумалиева: аялдар эркектерге салыштырмалуу саясий оюндарга аралашпайт

Бул мыйзам биринчиден саясий партиялар тарабынан бузулуп жатат деген пикирин экс-депутат Элмира Жумалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Кыргызстан партиясы 6-чакырылышта алдыңкы саптарга коомго аты таанылган аялдарды коюшту да, мандатка келгенде ыргытып жиберишти. Азыр ал фракциянын катарында бир дагы аял жок. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу. Парламент мыйзам чыгарган, анын аткарылышын көзөмөлдөй турган орган. Элдин таянар жери ушул. Анан "балык башынан сасыйт" болуп жатса, Кыргызстан кайсы багытта баратканын айтуу кыйын", —деди Жумалиева.

Ошондой эле экс-депутат парламентте аялдардын көп болушу көбүнесе элге пайдалуу социалдык маселелердин көтөрүлүшүнө себеп болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0