Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султан Ахматов: унааларды Астанага барып күбөлөндүрүүнүн зарылчылыгы жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуy жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Султан Ахматовдун архивдик сүрөтү
Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуy жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Султан Ахматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуy жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Султан Ахматовдун айтымында, унааларды Астанага барып күбөлөндүрүүнүн зарылчылыгы жок.
Султан Ахматов: унааларды Астанага барып күбөлөндүрүүнүн зарылчылыгы жок

Ал билдиргендей айдоочулар Мамлекеттик каттоо кызматынан убактылуу номер ала алышат.

Эске сала кетсек, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргендигине байланыштуу унааларды каттоо боюнча жаңы эрежелер киргизилген. 

Аталган эрежелерге ылайык, эми өлкөгө сырттан кирген унаалардын коопсуздугу тууралуу күбөлүк атайын сыноо лабораторияларынан (диагностикалык борборлор) өткөн соң гана берилмей болду.

"Учурда Экономика министрлиги тарабынан сыноо лабораториясын түзүү иштери жүрүүдө. Бир айдын ичинде бардык маселелер чечилип, ишке кирип калат. Тиешелүү бланкалар толтурулуп, аккредитацияны эле күтүп жатабыз. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан убактылуу атайын номер алып турууга болот. Андыктан Астанага барып лабораториядан өткөрүүнүн зарылчылыгы жок", — деди Ахматов

Ал аталган лабораториялар өлкөнүн бардык аймактарында ишке кирерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0