Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Каныбек Иманалиев: тыюу салынган террористтик уюмдар тууралуу коомчулук билиши керек

Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында, террористтик уюм деп табылган кыймылдардын тизмеги соттун архивинде калып келет.
Каныбек Иманалиев: тыюу салынган террористтик уюмдар тууралуу коомчулук билиши керек

Депутат өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террористтик уюмдар тууралуу коомчулук билиши керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, депуттар сот тарабынан террористтик уюм деп табылгандарды расмий жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун жазып, коомдук талкууга койгон. Демилгечилердин бири Каныбек Иманалиевдин айтымында, бул кадам коопсуздук үчүн жасалууда.

"Буга чейин сот тарабынан террористтик уюм деп табылган тараптар соттун архивинде калып, алар жөнүндө эл билбей калат. Ушуну иретке келтирүү максатында мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Ага ылайык, студенттер, жана жалпы коомчулук кайсы уюмга тыюу салынгандыгын билиши керек. Анткени уюмдардын мүчөлөрү эл аралап жүрүшөт", — деди Иманалиев.

Эл өкүлү мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандын соттору тарабынан гана табылган террористтик уюмдардын тизмеси жарыялана тургандыгын, ал эми чет өлкөлөрдө тыюу салынгандар жарыяланбай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0