Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Искендер Шаршеев: өлкөнүн чыгашасы кирешесинен азайганда гана сырткы карыз өспөйт

© Фото / Айжамал КондучаловаЭксперт Искендер Шаршеевдин архивдик сүрөтү
Эксперт Искендер Шаршеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттин айтымында, чыгымдарды азайтуу үчүн мамлекеттик кызматчылардын санын азайтуу керек.
Искендер Шаршеев: өлкөнүн чыгашасы кирешесинен азайганда гана сырткы карыз өспөйт

Өлкөнүн чыгашасы кирешесинен азайганда гана сырткы карыз өспөйт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине эксперт Искендер Шаршеев билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир жыл ичинде 300 миллион долларга өскөндүгүн Финансы министрлиги кабарлаган. 

"Карыздын көбөйүшү биринчи кезекте өлкөнүн кирешесине караганда чыгашасы көп экенинен кабар берет. Мындан сырткары, мамлекеттик кызматчылардын көбөйтүүнүн кереги жок. Салыштырмалуу бизде мамлекеттик кызматчылардын саны көбүрөөк. Ушундан улам башкаруунун сапаты начарлап, радикалдуу реформалар жасалбай жатат. Кызматкерлерди азайтуу менен мамлекетик чыгашаны киреше менен бирдей кылуу зарыл", — деди эксперт.

Шаршеев чыгаша кирешеден азайганда гана сырткы карыз өспөй тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0