Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурида Жусупбекова: окуу эне-баланын саламаттыгын жакшыртууга багытталган

© Фото / Гульнура КулчиноваСаламаттык сактоо министрлигинин Кадрдык иш жана билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Нурида Жусупбекова
Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрдык иш жана билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Нурида Жусупбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина тармагындагы кызматташуунун алкагында Түркиядан неонатолог, педиатр жана мугалимдер болуп 19 адис келген.
Нурида Жусупбекова: окуу эне-баланын саламаттыгын жакшыртууга багытталган

Ошто 39 медицина кызматкерлерин түркиялык адистер окутту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрдык иш жана билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Нурида Жусупбекова билдирди.

"6-февралдан 9-февралга чейин Ош облусу менен Ош шаарынын 39 дарыгери жана медициналык окуу жайдын мугалимдери окутулду. Ага катышууну калагандар абдан көп болду. Негизи 30 дарыгерди окутуу каралса, кошумча 9 кызматкерди дагы кошуп окуттук. Алар ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча билимин жогорулатышты. Анткени окутуу эне менен баланын саламатчылыгын жакшыртууга багытталган", — деди Жусупбекова.

Жазында Жалал-Абад жана Баткен облусунун дарыгерлерин атайын окуудан өткөрүү пландалууда. Андан сырткары, Түркияга кыргызстандык дарыгерлерди жиберип кесипкөйлүгүн жогорулатуу каралып жатат.

Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган окутуу Бишкекте өтүп, ага Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусунун 175 дарыгери катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0