Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанов: соттолбогондугу боюнча справканы 10 мүнөттө берүүгө шарт түзүлөт

© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoЗаместитель МВД КР по южному региону Асанов Курсан
Заместитель МВД КР по южному региону Асанов Курсан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбооруна ылайык, ишке орношуп жатканда адамдын соттолгон-соттолбогону тууралуу маалыматты жарандын өзү эмес, жумуш берүүчү суратып алышы керек.
Асанов: соттолбогондугу боюнча справканы 10 мүнөттө берүүгө шарт түзүлөт

Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Карасартова: өлкөнүн чет жерде соттолгон жаранды куткаруу милдеттенмеси жок
Электрондук өкмөт түзүлүп, соттуулук боюнча жаңы мыйзам кабыл алынса жарандар соттолбогондугу боюнча маалымдаманы 10 мүнөттө ала алат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламентте Дастан Бекешевдин "Соттуулук жөнүндө маалымат маселелери боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Демилгечинин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, ишке орношуп жатканда адамдын соттолгону же соттолбогону тууралуу маалыматты жарандын өзү эмес, жумуш берүүчү суратып алышы керек.

Асанов аталган мыйзамды ИИМ дагы колдоого аларын билдирди.

"Негизинен мыйзам долбоорунун концепциясын колдойбуз. Бирок айрым жагдайлар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Электрондук өкмөт ишке кирип калса, мыйзам жакшы жыйынтык берет. Анын арты менен жарандар 10 мүнөттүн ичинде эле соттолбогондугу боюнча маалым кат ала алат", — деди Асанов.

Мыйзам долбоору кызуу талкуудан кийин добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0