Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Педиатр Жумадылова: медицинада баланы бешикке бөлөө зыян деп саналат

© Фото / Гулзарида ЖолдошалиеваПедиатр Гулнара Жумадылова
Педиатр Гулнара Жумадылова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бешикке бөлөө салты илгерки жашоо шартка ылайыкташкандыктан, учурда бул ыкманы колдонуу балага терс таасирин тийгизиши ыктымал.
Педиатр Жумадылова: медицинада баланы бешикке бөлөө зыян деп саналат

Баланы бешикке бөлөө бир гана энесине пайда алып келбесе, бала үчүн зыян болуп саналып, азыркы медицинада бул ыкма сунушталбайт. Бул тууралуу №14 үй-бүлөлүк медицина борборунун балдар бөлүмү боюнча директордун орун басары Гүлнара Жумадылова билдирди.

Анын айтымында, бешикке бөлөө салты илгерки жашоо шартка ылайыкташкандыктан, учурда бул ыкманы колдонуу балага терс таасирин тийгизиши ыктымал.

"Азыр баланы өстүрүүдө бешикке бөлөөгө медицинада таптакыр тыюу салынган. Анткени бала беш-алты саат бешикте таңылып жатпашы керек. Баланы төрөлгөндөн баштап эле эркин, бош коюуга көндүрүү керек. Ымыркайдын ар бир кыймылын эне көзөмөлдөп, тез-тезден эмизип туруусу зарыл. Ал эми бешикке жаткан баланы курсагы ачканы билинбейт, ыйласа терметип коюшкан. Бешикке бөлөп коюп өз оокатын кылып жүрө берген бир гана энеге пайдалуу", — деди балдар дарыгери Жумадылова.

Педиатр кошумчалагандай, бешикке бөлөө менен эне-баланын ортосунда ажырым пайда болот. Ымыркайды тез-тезден колго алып, эмизип ага көз салып туруу — азыркы медицинанын талабы.

Жаңылыктар түрмөгү
0