Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калмаматов: авиакырсыктан жабыркаган 11 адам стационардык дарылоодон өтүп жатат

© Фото / Альфия ГизатулинаВедущий специалист Минздрава КР Кубанычбек Калмаматов
Ведущий специалист Минздрава КР Кубанычбек Калмаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учак кырсыгынан жапа чеккендердин 39у учурда дарыланып чыкты.
Калмаматов: авиакырсыктан жабыркаган 11 адам стационардык дарылоодон өтүп жатат

"Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактан жаракат алып, ооруканага жаткырылгандардын он бири стационардык дарылануудан өтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгын адиси Кубанычбек Калмаматов билдирди.

Ал белгилегендей, учак кырсыгынан жапа чеккендердин 39у учурда дарыланып чыкты.

"Бүгүнкү күндө республикалык психикалык ден-соолукту чыңдоо борборунда эки киши, кыргыз курортология илимий институтунда беш киши, ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунда үч киши стационардык дарылануудан өтүп жатышат. Дагы бир кош бойлуу аял шаардык гинекология ооруканасында дарыланууда", — деди Калмаматов.

Адистин айтымында, учурда дарыланып жаткан адамдардын баарынын абалы турукташып калган.

Белгилей кетсек, 16-январда эртең менен Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алып, 16 киши жаракат алган. Кырсыктын чоо-жайын Мамлекеттер аралык авиациялык комитети изилдеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0