Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыскелди Момбеков: Карашевдин төрага болор-болбосун убакыт көрсөтөт

Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жаңы эле депутат болгон адамдын спикер болушу күмөн экенине токтолду.
Рыскелди Момбеков: Карашевдин төрага болор-болбосун убакыт көрсөтөт

Карашевдин төрага болор-болбосун убакыт көрсөтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

"Мен эми өзүмдүн кесиптешиме комментарий бергеним туура эмес болуп калышы мүмкүн. Бирок анын спикер болору же болбосун убакыт көрсөтөт. Аалы менен 30 жылдан бери жакшы мамиледемин, спикер болушуна ишенбейм. Анын талапкерлиги фракция лидерлигине же тармактык комитетке көрсөтүлүшү мүмкүн. Бирок төрагалылыкка эмес. Анткени ал ЖКга жаңы эле келди", — деди Момбеков.

Депутат парламентке жаңы эле келген Аалы Карашев ЖКнын табиятын, регламентти билбей туруп аны жетектеши күмөн экендигине токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0