Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саиджан Эратов: Сирияда ИМ террорчуларына кошулган 800 кыргыз жараны бар

© Фото / Зульфия ТургуноваМамлекеттик чек ара кызматынын жетекчи орун басарынын милдетин аткаруучу Саиджан Эратов
Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчи орун басарынын милдетин аткаруучу Саиджан Эратов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын аскердик окуу жайында "Мамлекеттик чек арада массалык мыйзам бузуу болгон учурда чек ара көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин кыймыл аракети" деген аталыштагы машыгуу өткөрүлдү.
Саиджан Эратов: Сирияда ИМ террорчуларына кошулган 800 кыргыз жараны бар

Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчи орун басарынын милдетин аткаруучу Саиджан Эратов окуу машыгуу учурунда Сирияда 800гө чукул кыргызстандык жаран ИМ террордук уюмунун согушкерлерине кошулуп кеткенин айтты.

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча 800дөн ашуун кыргызстандык жаран Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуп, согуштук аракеттерге катышууда. Алар Кыргызстанга кайтып келишсе көптөгөн көйгөйлөр жаралат", — деп билдирди Эратов.

Ал бул жаатта биргеликте иш алып барылса Кыргызстанды эч кандай күчтөр коркута албай тургандыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0