Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дастан Бекешев: мыйзамды депутаттар өздөрү бузуп жатат

© Фото / пресс-служба ЖК КРКСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты парламентте өзүнчө тамеки тартуучу жай зарыл деген ойдо.
Дастан Бекешев: мыйзамды депутаттар өздөрү бузуп жатат

Жогорку Кеңеште темеки тарткан депутаттарга шарт түзүп берүү керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү өзүлөрү мыйзам бузууда.

"Тамеки тарткан депутаттар менен жардамчыларына шарт түзүп бергилечи. Өзүнчө тамеки тартуучу жай болсо жакшы болот эле. Кеңсесинде, ажатканада тамеки чегип жатышат. Уят болушу керек да. Өзүбүз мыйзам бузуп жатабыз", — деди депутат.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде тамеки тартууга тыюу салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0