Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элмира Шерипова: авиакырсыктан жабыркагандар үчүн жардам кабыл алуу токтоду

© Фото / Элмира ШериповаӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипованын архивдик сүрөтү
ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан жапа чеккендер үчүн ӨКМ тарабынан ачылган эсепке саат 11ге карата 48 миллион 674 миң 420 сом чогулган.
Элмира Шерипова: авиакырсыктан жабыркагандар үчүн жардам кабыл алуу токтоду

Дача айылындагы авиакырсыктан жабыркагандар үчүн элден гуманитардык жардам кабыл алуу токтоду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта республиканын ар бурчунан ун, макарон, суу май, туз, консерва, жуучу каражаттар, кийим-кече чогулган.

"Кабыл алынган жардамдын баары жабырлануучулардын өкүлдөрү, аксакалдар, жергиликтүү тургундардын катышуусу менен таратылат", — деди Шерипова.

Эскерте кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкектен май куюу үчүн токтомок болгон жүк ташуучу учак ДАча айылына кулаган. Анын кесепетинен 39 адам каза таап, 20дан ашуун үй жараксыз абалга келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0