Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекзат Осмонкулов: жатаканадан чыгарылгандар облустук сотко кайрыла алышат

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов
Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында Черемушка кичи районундагы Урицкий көчөсүндө жайгашкан №2, №3 үй-бүлөлүк жатаканада жашаган 10дон ашуун жалгыз бой энелер турак жайсыз калгандыгына нааразы.
Бекзат Осмонкулов: жатаканадан чыгарылгандар облустук сотко кайрыла алышат

Себеби сот чечимди жатакана ээси Алимбек Сарбалаевдин пайдасына чыгарган. Сарбалаев төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөн жашоочуларды жана туура эмес жүрүм-туруму үчүн айрымдарды батирлеринен чыгаруу боюнча сотко кайрылган.

Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов соттун чечими боюнча буларды билдирди.

"Чечим акыркы эмес, нааразы тарап апелляциялык негизде облустук сотко кайрылганга акысы бар", — деди ал.

Осмонкулов сот ишти карап, КР Жарандык кодексинин 222-беренесинин негизинде доогердин арызын канааттандырып, үй-бүлөлөрдү батирден чыгаруу чечимин чыгарганын кошумчалады.

Жатакана ээси менен жашоочулардын нааразычылыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0