Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Болот Баетов: курулушта иштеген жаран киши колдуу болгону далилденди

© Фото / Зульфия ТургуноваКаза болгон Майрамбек Нажиевдин туугандарынын адвокаты Болот Баетов
Каза болгон Майрамбек Нажиевдин туугандарынын адвокаты Болот Баетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын 21-сентябрында Алай районунда курулушта иштеген Майрамбек Нажиев автокырсыктан каза болгону айтылган. Бирок сот-медициналык экспертиза жаран "сабалып өлгөн" деген корутунду чыгарганын маркумдун туугандарынын адвокаты Болот Баетов билдирди.
Адвокат Болот Баетов: курулушта иштеген жаран киши колдуу болгону далилденди

Анын айтымында, учурда кылмышка шектүү кармалып камакка алынган.

"29 жаш курагында каза болгон Майрамбек Нажиев автокырсыктан каза болгон деген корутунду аныкталган жок. Сот-медициналык экспертиза сөөктү текшерип, өлүм автокырсыктан эмес, сабалып өлгөн деп корутунду чыгарган. Учурда шектүү катары Алай районунун А.А. аттуу жашоочусу кармалып Оштогу №5 абакка камалды", — деп билдирди Баетов.

Ал эми Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев адвокаттын айткандарын тастыктады. Анын айтымында, сот-медициналык экспертизанын жыйынтыктары боюнча тергөө иштери башталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка билип туруп зазал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0