Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кочкор-Атанын мэри Жумаев: шаардын бюджетин сарамжалдуу пайдаланам

© Фото / Талгат БакиевВыборы мэра города Кочкор-Ата
Выборы мэра города Кочкор-Ата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын мэри болуп 38 жаштагы Алтынбек Жумаев шайланды. Анын талапкерлигин 20 депутат бир добуштан колдоп берди.
Кочкор-Атанын мэри Жумаев: шаардын бюджетин сарамжалдуу пайдаланам

Шаардын жаңы башчысы ишин эмнеден баштарын мындайча айтып берди.

"Шаардын өнүгүшүнө, социалдык маселелерине, инфраструктуранын өсүшүнө өтө чоң маани берем. Эң биринчи максаттардын бири — шаардын бюджет долбоорун шаардык кеңешке алып барышым керек. Алар бекитип бергенден кийин натыйжалуу, сарамжалдуу жана сапаттуу аткарууга аракет кылам", — деди ал.

Эске салсак, Жумаев Кочкор-Ата шаарында төрөлүп, "Тазалык" ишканасын төрт жыл башкарган. Аталган шаарда 17 миң киши жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0