Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Гүлжамал Жороева: Ошто сейил бактарга көчөттөр тигиле баштады

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлжамал Жороеванын архивдик сүрөтү
Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлжамал Жороеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылы шаарга 80 миңден ашуун бак-дарактын түрүн отургузуу каралган.
Гүлжамал Жороева: Ошто сейил бактарга көчөттөр тигиле баштады

Ош шаарында жазга карата бак-дарактын түрү отургузула баштады. Бул тууралуу Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлжамал Жороева билдирди.

Анын айтымында, алгачкы ийне жалбырактуу бак-дарак Исхак Раззаков атындагы сейил багына тигилди.

"Быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылына арналып элибиз өсүп-өнүгүп, жерибизде тынчтык болсун деген деген жакшы тилек менен шаарыбызга бак-дарак отургуза баштадык. Иш-чарага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев баш болгон "Оштун көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын" кызматкерлери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келишти. Буга чейин да шаардын бир топ жери көрктөндүрүлгөн", — деди Жороева.

Быйылкы жылы шаарга 80 миңден ашуун бак-дарактын түрүн отургузуу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0