Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атамбаев: Конституциянын түп нускасы президенттик аппаратта сакталат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония подписания указа об обнародовании официальной редакции Конституции
Церемония подписания указа об обнародовании официальной редакции Конституции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев КР Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Атамбаев: Конституциянын түп нускасы президенттик аппаратта сакталат

2016-жылы 11-декабрдагы референдумда эл Баш мыйзамга бир топ өзгөрүүлөрдү киргизүүнү колдоп берген.

Атамбаев киргизилген өзгөрүүлөр Баш мыйзамды өлкөнүн эгемендүүлүгүнө, элдин ынтымагына доо кетирген, улуттук маданиятка, адеп-ахлакка төп келишпеген бир топ "миналардан" тазалап бергенин айтты.

"Мындан тышкары, референдумдун чечимине ылайык атайын жумушчу топ түзүлүп, Баш мыйзамдын кыргыз жана орус текстиндеги 60тан ашуун каталар, карама-каршылыктар, бурмалоолор оӊдолду", — деди президент.

Атамбаев: элин саткан маӊкурттар, балдарыӊардын убалына каласыӊар - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: элин саткан маӊкурттар, балдарыӊардын убалына каласыӊар!
Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон соң Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго, өлкө премьер-министри Сооронбай Жээнбековго, КР Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаевага жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровго Конституциянын текстинин түп нускасынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Атамбаев Конституциянын түп нускасы президенттик аппаратта сакталарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0