Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сайдулла Нышанов: акысыз медицинаны жоюу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун архивдик сүрөтү
Ата-Мекен фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун айтымында, акысыз медицаны жоюу учур талабы.
Сайдулла Нышанов: акысыз медицинаны жоюу керек

Акысыз медицинаны жоюу керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, жарандар ансыз да дарыгерлерге акча берет.

"Дүйнө жүзүндө медицина күн сайын өнүксө, бизде абал начарлап жатат. Региондордон туура эмес диагноз менен келип, жетишкени жакшы болуп, кечиккени каза болуп жатат. Мындай абал адистердин жетишсиздигинен улам жаралууда. Анткени дарыгерлердин маянасы өтө аз. 10 миң сомго күчтүү адистер иштебей кетип жатат. Ошондуктан кызматтарды акчага көрсөтсө жакшы болмок", — деди депутат.

Нышанов бекер деп отура берсе кырдаал мындан да курчуп кетерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0