Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурлан Саркаров: Жалал-Абаддын тургуну ок-дары каткан жерин өзү көрсөтүп берди

© Фото / Талгат БакиевЖалал-Абад ОИИБинин Кайгуул милициясынын уюштуруу жана жол үгүттөө боюнча тескөөчүсү Нурлан Саркаровдун архивдик сүрөтү
Жалал-Абад ОИИБинин Кайгуул милициясынын уюштуруу жана жол үгүттөө боюнча тескөөчүсү Нурлан Саркаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган адамдан жалпысынан 5,45 мм калибриндеги 648 даана жана 7,62 мм калибриндеги 15 даана ок-дары алынды.
Нурлан Саркаров: Жалал-Абаддын тургуну ок-дары каткан жерин өзү көрсөтүп берди

Жалал-Абад шаарында мас абалында коомдук жайда жүргөн жаран Кайгуул милициясы тарабынан кармалып, жанынан ок-дарылар табылганын Жалал-Абад ОИИБинин Кайгуул милициясынын уюштуруу жана жол үгүттөө боюнча тескөөчүсү Нурлан Саркаров билдирди.

"Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүна алып келинип суракка алынганда жанындагы октордон Жалал-Абад шаарынын аймагында катылган октор бар экенин айтып берди. Тергөө тобу даараткананын ичиндеги өзүнчө бөлмөдө 5,45 мм калибрдүү "АКС-74" куралынын 614 даана, ал эми 7,62 мм калибрдүү "АКМ" куралынын 11 даана огу табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0