Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Перизат Асылбекова: учак кырсыгынан пайда көрмөк болгон кишинин калпын кармадык

© SputnikПсихолог Перизат Асылбекова
Психолог Перизат Асылбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январда Дача айылына жүк ташуучу учак кулап түшүп, 39 кишинин өмүрүн алган болчу. Алардын жакындарына жана үй-бүлөсүнө психологдор жардам беришүүдө.
Перизат Асылбекова: учак кырсыгынан пайда көрмөк болгон кишинин калпын кармадык

Дача айылына кулаган учактан тууганымды жоготтум деген кишинин калпы кантип кармалганын психолог Перизат Асылбекова мындайча айтып берди.

"Алгач жигитти туугандарын таануу үчүн өлүкканага алып барганы жатканда калчылдап отуруптур. Анан биз "коё тургула, бул бала калтырап өңү бозоруп жатат, биз сүйлөшөлү" дедик. Аскер кызматындагылар дагы анын жүрүм-турумунан шектенип жатышыптыр. Ал киши ролду абдан реалдуу ойноп жатты. Пульстары 140-145 жетти", — деди ал.

Бирок анын берген жооптору бири-бирине дал келбегендиктен шек жараткан. Асылбекова өлдү деп жаткан туугандары аман-эсен экени билингенин кошумчалады.

Психологдун толук маегин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0