Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акаев: Воронцовканын директору даттангандын ордуна УКМКга пара чогултканы шектүү

Жазылуу
Депутат УКМК кызматкерлери дарыгерлерден пара талап кылып жатканын айтып чыкты.
Акаев: Воронцовканын директору даттангандын ордуна УКМКга пара чогултканы шектүү

Чүй облусундагы Воронцовка айылындагы Курортология институтунун дарыгерлеринен УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызматында иштегендер 200 миң сом пара талап кылып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди. 

"Мага Воронцовка илимий-изилдөө институтунун бир нече кызматкери келди. Жетекчиси Султанмуратов бөлүм башчыларды чогултуп, "УКМКнын кызматкерлери бизден пара сурап жатат, азырынча 200 миң сом берип турбасак, биздин ишибизди чукуйт" деп акча талап кылган экен. Мунун баарын аудиого жаздырып алышкан. Мындан тышкары, жетекчи "УКМКга берем" деп башкы бухгалтерден 90 миң сом алганы айтылды", — деди Акаев. 

Депутат УКМК кызматкерлерине жана ушул убакка чейин пара тууралуу айтпай жүргөн Курортология институтунун директоруна чара көрүлүшү керектигин кошумчалады. 

Ал эми УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов аталган окуя боюнча комитет кабардар болуп, иликтөөлөр жүрүп жатканын жана материалдар Чүй облустук прокуратурасына жөнөтүлгөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0