Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элмира Шерипова: "Семетей" мейманканасында 40 киши жашап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова
Руководитель пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт баш паанексиз калган адамдарды убактылуу "Семетей" мейманканасына жайгаштыруу чечимин кабыл алган.
Элмира Шерипова: "Семетей" мейманканасында 40 киши жашап жатат

Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан жабыркагандарга канча каражат чогулду
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепетинен турак-жайы кыйраган 40 адам "Семетей" мейманканасында жашап жатат. Бул тууралуу ӨКМ маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди. 

Эскерте кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонкогдон Стамбулду көздөй келе жаткан Boeing-747 учагы Дача айылына кулап, кырсыктан 39 кишинин өмүрү кыйылган.

Өкмөт баш паанексиз калган адамдарды убактылуу "Семетей" мейманканасына жайгаштыруу чечимин кабыл алган.

"Мейманканада учурда 13 үй-бүлө — 40 киши жашап жатат. Анын 25и — улуу курактагы адамдар болсо, 15и — жаш балдар. Баары тамак-аш, керектүү азык-түлүк менен камсыз болгон", — деди Шерипова.

Бул адамдар кайсы убакытка чейин мейманканада жашай турганы азырынча чечиле элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0