Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чыкынова: окуучулар мушташкан мектеп директорун кызматтан алуу каралып жатат

© Фото / пресс-служба министерства образования КРБилим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынованын архивдик сүрөтү
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева иш сапары менен Нарын облусунда жүрөт.
Чыкынова: окуучулар мушташкан мектеп директорун кызматтан алуу каралып жатат

Министр Кудайбердиева Кочкор, Ак-Талаа, Нарын райондорундагы жана Нарын шаарындагы мектептерди кыдырганын министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынова билдирди.

"Ошондой эле окуучулар мушташкан Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектепте болуп жабыр тарткан окуучунун абалы менен ооруканадан таанышты", — деди Чыкынова.

Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кочкордо каза болгон окуучу бала бычакталган. Окуянын чоо-жайы
Министр окуучулардын мушташы боюнча Кочкор районунун акими менен чогуу жыйын өткөрүп, мектептеги тарбия иштеринин начардыгы жана ата-энелер менен иштөө жакшы эместигин баса белгиледи. 

Окуучулардын мушташынан кийин Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетти. Ошондой эле Кыдыралиев атындагы мектептин директорун кызматынан четтетүү маселесин карап көрүүнү тапшырганын Чыкынова баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0