Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Замир Сыдыков: кармалган сойку кыздардын эң улуусу 39, кичүүсү 25 жашта

© Фото / Зульфия ТургуноваОш ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыковдун архивдик сүрөтү
Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында жүргүзүлгөн рейд учурунда 14 кыз кармалган.
Замир Сыдыков: кармалган сойку кыздардын эң улуусу 39, кичүүсү 25 жашта

Кыздардын арасында Кыргызстандын аймактарынан келген дагы эки кыз бар экенин Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. 

"Мурда күнкү рейддин жүрүшүндө Ош шаарынын аймагынан түнкү саат бирде күндүн суугуна карабастан жолдо турган 14 кыз алып кармалып, ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Анын көпчүлүгү Ош шаары менен Ош облусунун тургундары болгон. Арасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан келген 28 жана Чүй облусунун Жайыл районунан келген 27 жаштагы кыз болгон", — деди ал.

Сыдыков ошондой эле кармалгандардын ичинде бир кыз дүлөй жана сегиз айлык боюнда бар аял дагы болгонун кошумчалады.

Кармалгандардын эң жашы 25 жашта болсо, эң улуусу 39 жашта.

Эң жашы 25 жашта, эң карысы 39 жашта болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0