Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыскелди Момбеков: транспорт министрине же орден, же ордер бериш керек

Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты борбор калаанын батыш тарабындагы айылдардагы жол маселесин козгоду.
Рыскелди Момбеков: транспорт министрине же орден, же ордер бериш керек

Транспорт жана жол министрине же орден, же ордер бериш керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

"Жаңы жылдан кийин Бишкектин батыш тарабындагы айылдарда жолдор казылап баштады. Андан соң асфальт төшөөгө өттү. Анан ошол иш токтоп, жерлер казылган бойдон калды. Учурда унаалар Канаданын хоккеисттериндей болуп буйтап жүрүшөт. Эки күндүн биринде кырсык. Эмне үчүн ушундай кадамга барды?" — деди депутат. 

Эл өкүлү транспорт жана жол министрине карапайым калк камын ойлосо орден, кара курсак камын ойлосо ордер бериш керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0