22:21 25 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев

Жээнбеков: айкелдин жанынан өткөн-кеткен адам Манастын арбагына таазим этип турат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
85 0 0

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 13-январь күнү Манаска бийиктиги 20 метр болгон эстелик тургузулду.

Ачылыш салтанатына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышып, айкелдин көп улуттуу Кызыл-Кыя шаары үчүн мааниси өтө чоң экенин айтты. 

"Элүүдөн ашык улуттун өкүлдөрү жашаган Кызыл-Кыя шаарында баардык улуттардын тагдырлары бир болгон. Бул жерде Айкөл Манастын эстелигин орнотуу менен көп элдин көөнүн толтураар иш баштадыңар. Өткөн-кеткен адам Манас бабабыздын арбагына таазим этип турат", —деди премьер. 

Жаңы айкел Манаска коюлган эстеликтер арасында Кыргызстан боюнча экинчи орунда турат. Биринчи орунду бийиктиги 24 метрди түзгөн Ош шаарындагы эстелик ээлейт.

Тема боюнча

Жээнбеков: экологиялык жактан таза айыл чарба аймактарын кеңейтүү зарыл
Сооронбай Жээнбеков Лейлекте Манастын эстелигин ачат
Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер көрсөтпөйт
Белгилер:
ачылыш, премьер-министр, айкел, Манас, Кызыл-Кыя

ЭҢ МААНИЛҮҮ