Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ажимурат Жолдошов: Оштогу Токтогул паркын оңдоого архитекторлор жардам берет

© Фото / пресс-служба Госстроя КРГлавный архитектор города Ош Ажимурат Жолдошов
Главный архитектор города Ош Ажимурат Жолдошов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эс алуу багынын жалпы аянты 9 гектар жерди ээлейт. Ал 1919-жылы негизделген. 2019-жылы эс алуучу жайдын ачылганына 100 жыл толот.
Ажимурат Жолдошов: Оштогу Токтогул паркын оңдоого архитекторлор жардам берет

Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын эмгек жамааты калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайды оңдоп-түзөө иштерине бир күндүк эмгек акысын которуп бергендиги тууралуу аталган башкармалыктын башкы архитектору Ажимурат Жолдошов билдирди.

"Учурда башкармалыкта 92 адам эмгектенет. Бардык кызматкерлер демилге көтөрүп, Ош шаарынын жашоочулары эс ала турган сейил бактын оңдолушун колдоого алышты", — деди Жолдошов. 

Ал ошондой эле Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайды оңдоп-түзөө төрт этап менен ишке ашырылаарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0