Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мөнөкбаев: Оштогу 112 га үлүш жердин ишканаларга берилиши боюнча комиссия түзүлдү

© Фото / Зульфия ТургуноваӨкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн регионалдык бөлүмүнүн башчысы Райымберди Мөнөкбаев
Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн регионалдык бөлүмүнүн башчысы Райымберди Мөнөкбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарына караштуу Озгур айылынын 500гө жакын тургунуна Ачы конушунан үлүш жер катары бөлүнгөн 112 гектар кайрак жердин ишканаларга берилишин иликтөөгө алуу үчүн атайын комиссия түзүлдү.
Мөнөкбаев: Оштогу 112 га үлүш жердин ишканаларга берилиши боюнча комиссия түзүлдү

Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн регионалдык бөлүмүнүн башчысы Райымберди Мөнөкбаевдин айтымында, Озгур айылынын тургундарынын жер тилкелери боюнча документтер мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин айтуу азырынча эрте. 

"Комиссиянын курамы аталган үлүш жерлердин турак жай курууга сатылып жатат деген маалыматты тактап, жер тилкелеринин канчалык мыйзамдуу же мыйзамсыз экендигин текшерип жатат. Протоколдук тапшырмалар берилди. Эми укуктук баа берилет”, — деди Мөнөкбаев.

Эгин түшүмүн жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош: Ноокаттагы 130 га жер өзбек жарандарына сатылды деген маалымат төгүндөлдү
Ал кошумчалагандай, комиссиянын жыйынтыгы чыкканга чейин андагы жерлерди сатууга тыюу салынды.

Эске сала кетсек, узаган жылдын декабрь айында Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Озгур айылында жашаган 500дөй үй бүлөгө 1975-жылдары Ачы массивинен 112 гектар кайрак жер айыл чарба багытында пайдалануу үчүн берилгени айтылган. Үлүш жер ээлери алардын жерлерин жеке менчик ишкана ээлери турак жай куруу үчүн жарандарга сатып жаткандыгын айтып, нааразычылык акциясына чыгышкан

Жаңылыктар түрмөгү
0