09:42 23 Аяк оона 2017
Түз эфир
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Айдаралиев
© Фото / Нурзада Мукашева

Айдаралиев: Ат-Башыда 37 градус суук, мектеп каникулун узартууну өтүнөбүз

Радио
Кыскача шилтеме алуу
14210

Ат-Башы районунда аба ырайы —35…-37 градус суук болуп жаткандыктан ата-энелер кышкы каникулду узартууну өтүнүп жатышат.

Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Айдаралиевдин айтымында, мектеп окуучулары эки сменде окушат. 

"Короодогу термометр эртең менен саат 7.00дө —27 градусту көрсөтүп турду. Сабак саат 8.00дө башталгандыктан балдар үйдөн 7.30да чыгып кетүүсү керек болуп жатат. Бул абдан эле караңгы жана суук мезгил. Мага ата-энелер арызданып, бул маселени жогору жакка жеткирүүнү өтүнүп жатышат", — деди Айдаралиев. 

Анын айтымында, учурдагы кырдаалды эске алып балдардын каникулун узартуу сунушу түшүүдө. 

"Өткөндө бул маселени талкуулоо үчүн жыйын өттү. Анда акимдин орун басарына элдин үнүн жогору жакка жеткирүү сунушу берилди", — деди Айдаралиев. 

Ал ошондой эле теледен берилген аба ырайы туура эмес экенин айтып, эл нааразы болуп жатканын билдирди. 

Тема боюнча

Өлкөнүн суук катуу түшкөн аймактарында окуу токтотулду
Ат-башылыктар катуу сууктан улам каникулду узартууну суранып жатышат
Белгилер:
мектеп, аба ырайы, Ат-Башы

ЭҢ МААНИЛҮҮ