16:05 28 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Кичинесинен сыбызгы ойногон Элчибек Кадырбеков маек учурунда
© Sputnik / Жоомарт Ураимов

Элчибек Кадырбеков: комузга караганда сыбызгы үйрөнүү жеңилирээк

Радио
Кыскача шилтеме алуу
45 0 0

Кесиби машина куруу инженери болгону менен бош убактысын чыгармачылыкка арнаган Элчибек сыбызгы менен ооз комузда ойнойт.

Кичинесинен сыбызгы ойногон Элчибек Кадырбеков улуттук аспапта заманбап дүйнөлүк хиттерди аткарып, интернет айдыңында жагымдуу жаңылык жаратты.

"Мектепте музыка сабагынан берген агайымдын камыштан жасалган сыбызгысына окшоштуруп, атам желим шлангдан өзүндөй кылып сыбызгы жасап берген. Ошентип сыбызгыны кичинемден баштап эле ойноп калдым. Комузга караганда сыбызгыны үйрөнүү жеңилирээк. Башкысы каалооң күчтүү болуш керек. Сыбызгыда дүйнөлүк жана ата мекендик хиттерди аткарууга көптөн бери кызыкчумун. Акыры байкап көрсөм, жаман болгон жок", — деди Кадырбеков.

Элчибек учурда туризм тармагында эмгектенип келет. 

Элчибек Кадырбеков менен болгон толук материалды Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Тема боюнча

Дүйнөлүк хиттерди сыбызгыга салган Элчибек: аспабым бир топ жыл сандыкта жатты
Белгилер:
хит, талант, өнөр, улуттук музыкалык аспаптар