Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мая Шаимкулова: былтыр шахтадагы кырсыктардан 12 адам көз жумган

© Фото / Аваз АйтиевСотрудник пресс-службы МЧС КР Мая Шаимкулова
Сотрудник пресс-службы МЧС КР Мая Шаимкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көмүр шахталарында өткөн жылы 12 адам каза болсо, январдан бери эле эки адамдын өмүрү кыйылды.
Мая Шаимкулова: былтыр шахтадагы кырсыктардан 12 адам көз жумган

Көп адамдын өмүрүн алган кырсыктардын басымдуу бөлүгү Сүлүктүдө болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Мая Шаимкулова билдирди. 

"Өлкө аймагында 2016-жылы шахтадагы кырсыктардан 12 адам каза болгон. Сүлүктүдө сегиз жана Кызыл-Кыя менен Таш-Көмүрдө экиден адам көз жумган", — деди Шаимкулова. 

Ал эми бул жылдын январь айынын башынан бери Сүлүктүдө 17 жаштагы бала таш алдында, дагы бир 49 жаштагы тургун уранды алдында калып набыт болушту. 

Өспүрүм баланын өлүмү боюнча жазылган материалды Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган макаладан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0