Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тимур Акбашев: батирди ремонттоого насыя алган караколдуктарга чоң көйгөй жаралат

© Sputnik / Табылды КадырбековКараколдогу туристтик операторлор ассоциациясынын төрагасы Тимур Акбашевдин архивдик сүрөтү
Караколдогу туристтик операторлор ассоциациясынын төрагасы Тимур Акбашевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнтөн баштап Кыргызстанда суткасына жана саатына ижарага батир берүүгө тыюу салган мыйзам иштей баштады.
Тимур Акбашев: батирди ремонттоого насыя алган караколдуктарга чоң көйгөй жаралат

Бул мыйзамдын ишке кириши менен банктан насыя алып, ижарага берүүчү батирлерин ремонт кылган ишкерлерде көйгөйлөр жараларын Караколдогу туристтик операторлор ассоциациясынын төрагасы Тимур Акбашев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Жаңы мыйзам Караколдо көп ишкерлерге зыян келтирип жатат. Айрымдар насыя алып, үйлөрүн ремонт кылып иштеп жаткан эле. Эми насыя төлөө жагынын көйгөй жаралат", — деди Акбашев.

Анын айтымында, Караколго ар дайым эле акчасын кайда чачарын билбеген туристтер келе бербейт. Айрым туристтер жер көрүп кетүү максатында аз каражат менен келип, дал ушундай жеке менчик үйлөргө жашоону каалашат.

Суткасына жана саатына батир берүүгө тыюу салган мыйзамдын күңгөй-тескейи тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0