Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жеңиш Ашырбаев: май куюучу жайга болгон кол салуудан эч ким жабыркаган эмес

© Фото / Зульфия ТургуноваОш облустук ИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин архивдик сүрөтү
Ош облустук ИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 10-январга караган түнү Кара-Суу районунун аймагында болгон. Куралданган киши кассадагы 12 миң сомду алып кеткен.
Жеңиш Ашырбаев: май куюучу жайга болгон кол салуудан эч ким жабыркаган эмес

Ош — Бишкек жолунун боюндагы май куюучу жайды тоногон куралчан адам кассирге да, күзөтчүгө да зыян келтирген эмес. Бул тууралуу Ош облустук ИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

"Курал менен кол салган адам күзөтчү менен кассирди коркутуп, 12 миң сом алып кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Күзөтчү менен кассир эч кандай жаракат алган эмес", — деди Ашырбаев. 

Ушу тапта милиция кызматкерлеринен турган атайын топ шектүү жаранды издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0