Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айзура Чыкынова: окуучулар Японияга январдын жыйырмалары менен жөнөп кетет

© Фото / пресс-служба министерства образования КРилим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынованын архивдик сүрөтү
илим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн Чыгыш өлкөсүнүн министрлиги аталган чакырууну Кыргызстанга алгачкы жолу жиберген.
Айзура Чыкынова: окуучулар Японияга январдын жыйырмалары менен жөнөп кетет

Япониянын Билим берүү, илим жана технологиялар министрлигинин чакыруусу менен Кыргызстанда атайын конкурстан өткөн окуучулар январдын жыйырмаларында аталган өлкөгө жөнөп кетет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынова билдирди. 

Анын айтымында, япон министрлиги "Sakura Science Plan" программасынын алкагында кыргызстандык мектеп окуучуларына чакыруу жиберген. 

"Анда дүйнө жүзүнөн чогулган 15 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр илим жана технология боюнча окуудан өтөт. Мындан улам Билим берүү жана илим министрлиги сынак жарыялап, атайын комиссия түзгөн. Сынакка 100дөн ашык окуучу катышып, 10 өспүрүм өтүп кеткен", — деп айтты Чыкынова.

Ал Күн Чыгыш өлкөсүнүн министрлиги аталган чакырууну Кыргызстанга алгачкы жолу жибергенин жана жумалык окутуунун каржы жагын толугу менен Япония тарап өз мойнуна аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0