06:48 22 Аяк оона 2017
Түз эфир
Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Олжобай Казабаевдин архивдик сүрөтү
© Фото / Азамат Тотубаев

Казабаев: акча алмаштыруу жайынын ээсине белгисиз адамдар газ чачып, тоноп кетти

Радио
Кыскача шилтеме алуу
72 0 0

Кылмышка шектүүлөр 25-30 жаштагы азиат улутундагы адамдар экени маалым болду.

Бишкек шаарынын Байтик баатыр жана Геология көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруу жайынын ээсине белгисиз адамдар газ чачып тоноп кетишкен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Олжобай Казабаев билдирди. 

Анын айтымында, 8-январь күнү Октябрь райондук Ички иштер башкы башкармалыгына тоноо иштери боюнча билдирүү келип түшкөн.

"Жабырлануучу 26 жаштагы Самат аттуу бала Байтик баатыр 57 дарегинде жайгашкан акча алмаштыруу жайында отурганда таңкы саат 03:30дар чамасында белгисиз үч адам келип ага карата күч колдонуп, газ баллон чачып 540 миң сомун алып кеткен. Кылмышка шектүүлөр 25-30 жаштагы азиат улутундагы адамдар экени маалым болду", — деди Казабаев.

Учурда бул иш боюнча ыкчам-иликтөө тобу тарабынан тергөө иштери жүрүп жатканы маалым болду. 

Тема боюнча

Бишкектеги акча алмаштыруу жайынан 540 миң сом тонолду
Белгилер:
акча алмаштыруу жайы, тоноо, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ