20:07 20 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Окумуштуу, Ата-энелер үчүн радио мектеп долбоордун жетекчиси Топчугүл Шайдуллаева
© Фото / Чолпон Аркабаева

Топчугүл Шайдуллаева: жаш ата-энелерге жардамчы боло турган радио мектеп ачылат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
55 0 0

Кыргызстанда экс-президент Роза Отунбаеванын фондусу жаш ата-энелерге кеп-кеңеш берген радиодолбоорду баштайт.

Январдан тарта Роза Отунбаеванын демилгелери эл аралык коомдук фондусу "Кыргыз радиосу" менен биргеликте "Ата-энелер үчүн радио мектеп" жаңы долбоорун ишке киргизип жатат. Ал наристе балдарды өнүктүрүүгө арналат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине окумуштуу, долбоордун жетекчиси Топчугүл Шайдуллаева айтып берди.

Окумуштуу долбоордун максаты болочок же жаш ата-энелерге кеңеш жана маанилүү маалыматтарды берүү экенин айтты. 

"Статистикалык маалыматтарга караганда, балдардын ымыркай курагында көп оорушу, көбүрөөк чарчап калышы өлкөдө негедир азайбай жатат. Талдай келгенде, кээде ата-энелердин жөнөкөй нерселердин билбегенинен, жөнөкөй эле маалымат жетпей калганынан кичинекейлер ооруп калат экен. Биз аталган радиопрограммабыз менен болочок же жаш ата-энелерге кеңеш берүүнү максат кылып жатабыз", — деди Шайдуллаева.

Ал мындан сырткары кичинекей балдарды өнүктүрүүнүн мыкты тажрыйбалары бардыгын, аларды кыргызстандык ата-энелерге радио мектеп аркылуу берүү ниеттери болгондугун кошумчалады.

Тема боюнча

Январдан тарта "Ата-энелер үчүн радио мектеп" программасы уктурула баштайт
Белгилер:
тарбиячы, балдар, долбоорлор, "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду

ЭҢ МААНИЛҮҮ