01:31 28 Бугу 2017
Түз эфир
Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Жеңиш Ашырбаевдин архивдик сүрөтү
© Фото / Зульфия Тургунова

Ашырбаев: кыргызстандыкты барымтага алган тажик жаранына кылмыш иши козголду

Радио
Кыскача шилтеме алуу
167 0 0

Узаган жылдын декабрь айында Кара-Суу районундагы Мады айылынын тургуну Акжол Калбаев тажик жараны тарабынан барымтага алынып, 10 күн бою кыйноодо болгон.

Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, кыргыз жараны барымтадан 29-декабрь күнү бошотулган. 

"Кыргыз жаранын Тажикстандын укук коргоо органдары 29-декабрда барымтадан куткарышкан. Учурда биздин жаран ооруканада. Абалы туруктуу", — деди Ашырбаев.

Ал белгилегендей тажик жаранына Тажикстандын Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Тема боюнча

Барымтага алынган кыргыз жараны: Тажикстанда 10 күндүк кыйноого кабылдым
Белгилер:
барымта, кылмыш

ЭҢ МААНИЛҮҮ