Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурдин Султамбаев: былтыр спортко 1 млрд. сомдон ашуун акча жумшалды

© Фото / Нурпери СадырбековаЖаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигининмаалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин архивдик сүрөтү
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигининмаалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылга салыштырмалуу былтыр бюджетке Олимпиада оюндарына жана футболду өнүктүрүүгө байланыштуу көбүрөөк акча сарпталган.
Нурдин Султамбаев: былтыр спортко 1 млрд. сомдон ашуун акча жумшалды

Кыргызстандык грек-рим күрөш балбаны Айсулуу Тыныбекова олимпиядалык оюндарда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабак алчу спорттук жыл: Олимпиададан Көчмөндөр оюнуна чейин
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2016-жылкы бюджети Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна кеткен акчаны кошкондо 1 миллиард 693,3 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кабарлады.

2015-жылга салыштырмалуу былтыркы бюджетке Олимпиада оюндарына жана футболду өнүктүрүүгө байланыштуу көбүрөөк акча сарпталган. 

"Спорттун олимпиадалык түрлөрү дирекциясына — 20,4 пайыз, республикалык спорт мектептерине — 16,4 пайыз, облустук жана райондук спорт мектептерине — 12,6 пайыз, спорттук иш-чараларга — 14,5 пайыз, спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясына 5,9 пайыз, спорттун улуттук түрлөрү дирекциясына 4,3 пайыз, мамлекеттик агенттиктин аппаратына 3,5 пайыз акча сарпталган", — деди Султамбаев.

Ал ошондой эле 2017-жылкы бюджетке 526 миллион сомдун тегерегинде акча каралып жатканын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0