Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Гүлжигит Аалиев: майрамда тамак-аштан ууланып кайрылгандар болгон жок

© Sputnik / Расул УсеналиевРеспубликалык инфекциялык оорукананын реанимация бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин архивдик сүрөтү
Республикалык инфекциялык оорукананын реанимация бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер ооруканага жаткырылгандардын көбү жаш балдар экенин белгиледи.
Гүлжигит Аалиев: майрамда тамак-аштан ууланып кайрылгандар болгон жок

Республикалык инфекциялык ооруканага жаңы жылдык майрамдан соң тамак-аштан ууланып кайрылгандар катталган эмес. Бул тууралуу аталган оорукананын реанимация бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

Дарыгер тамак-аштан ууланып же ботулизмден жабыркап кайрылгандар азырынча каттала электигин билдирди.

"Биздин ооруканага ар түрдүү инфекциялык оорулар менен бир сутканын ичинде 240 адам кайрылган. Анын 106сы ооруканага жаткырылды. 78и — сасык тумоо менен жабыркагандар. Калганы ичеги-карын оорулары, ангина, менингит ооруларына кабылгандар. Ичи өтүп, кусуп келгендер катталды, бирок тамак-аштан ууландык деп кайрылып келгендер жок ", — деди Аалиев.

Дарыгер ооруканага жаткырылгандардын көбү жаш балдар экенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0