Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элзада Саргашкаева: өлкө декабрда 1,5 млрд. киловатт саат энергия пайдаланган

© Фото / Владимир Белоносов"Кыргызстандын улуттук электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынын өкүлү Элзада Саргашкаева
Кыргызстандын улуттук электр станциялары ишканасынын маалымат кызматынын өкүлү Элзада Саргашкаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер майрам күндөрү эч кандай өзгөчө кырдаалдар катталбаганын белгилешти.
Элзада Саргашкаева: өлкө декабрда 1,5 млрд. киловатт саат энергия пайдаланган

Өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстандын энергосистемасында 1 миллиард 693 миллион 893 миң киловатт саат электроэнергиясы керектелген. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынын өкүлү Элзада Саргашкаева билдирди.

Анын айтымында, аталган айда эн көп көлөмдөгү электроэнергия 26-декабрда, башкача айтканда 59, 034 миллион киловатт саат өлчөмүндө пайдаланылган.

"Майрам күндөрү электр энергиянын керектөөсү өскөн жок, электр тармагында эч кандай авариялык өчүрүүлөр жана өзгөчө кырдаалдар катталган эмес", — деди ал. 

Саргашкаева адистер керектөөчүлөрдү электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0