Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Экономист Акенеев: Россиядан салыксыз келген мунай КР муктаждыгынын 90 пайызын жабат

© Sputnik / Жоомарт УраимовНефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин архивдик сүрөтү
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономист негизи Россия эч кимге пошлинасы жок мунай заттарын бербегендегин баса белгиледи.
Экономист Акенеев: Россиядан салыксыз келген мунай КР муктаждыгынын 90 пайызын жабат

Россиядан бажы салыгы жок келе турган мунайдан 2017-жылы Кыргызстандагы эки завод 1 миллион 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу май чыгарат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди.

"Бүгүн Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга пошлинасы жок 1,5 миллион тонна мунай берүү боюнча мыйзамга кол койду. Муну мурдагы алып жаткан күйүүчү жана майлоочу май менен алмаштырбаш керек. Алар боюнча өзүнчө кол коюлат. Апрель айында Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев келип, 1,5 миллион тонна мунай пошлинасы жок берилсин деген келишимге кол коюп кеткен, ал РФтин Мамдумасынан ратификациясынан өтүп, учурда мыйзам катары чыкты", — деди Акенеев. 

Нефть ташуучу эшелон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Кыргызстанга мунай жеткирүү жөнүндө келишимди ратификациялады
Экономист негизи Россия эч кимге пошлинасы жок мунай заттарын бербегендегин баса белгиледи. 

"Экспорттук пошлинадан бир тонна мунайга 92 доллар кошулчу. Эми ошол көлөм биздин Кыргызстандагы эки заводду толук нефти менен камсыздоого жетишет. 850 миң тонна Кара-Балтадагы "Жунда", ал эми 650 тонна Токмоктогу заводго жетет. Мындайча айтканда, 2017-жылы бул эки завод Кыргызстанга 1 миллион 100 миң тонна күйүүчү, майлоочу май чыгарып берип, муктаждыкты 90 пайызга канааттандырат", — деди ал. 

Анын айтымында, Кыргызстандагы бензин Россиядагы заводдордун баасынан 25-35 пайыз арзаныраак болушу керек.

"Наркын аныктоо — Монополияга каршы комитетинин милдети. Менин пикиримде, Россиядагы заводдордун баасынан 25-35 пайыз арзаныраак болушу керек. Себеби, бизде электр кубатынын баасы арзаныраак, экономикабыздын кошумча нарк салыгы 12 пайыз. Башка акциздик салыктар кошулбайт", — деди Акенеев. 

Экономика илимдеринин докторунун пикиринде бул Кыргызстандын экономикасына жардам бере турган чоң кадам.

Жаңылыктар түрмөгү
0