Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмазбек Атамбаев: балдардын келечеги үчүн шарт түзүүгө милдеттүүбүз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик балаты учурунда
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик балаты учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик балатыга катышып, балдарга белектерди тапшырды.
Алмазбек Атамбаев: балдардын келечеги үчүн шарт түзүүгө милдеттүүбүз

Аяз ата, Аяз кыз, президенттен белек. Атамбаев президенттик балатыга катышты - Sputnik Кыргызстан
Аяз ата, Аяз кыз, президенттен белек. Атамбаев президенттик балатыга катышты
Майрамдык иш-чара Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.

Ага мыкты окуган, олимпиаданын жеңүүчүлөрү, эл аралык сынактардан жеңген өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 окуучу бала чакырылган. Ошондой эле балдар үйүнүн тарбиялануучулары да келди.

Балдарга театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, майрамдык маанай тартууланды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө үмүттү эч качан жоготпоо керектигин айтты

"Кыргыз элинде билимдүү миңди, билектүү бирди жыгат деп бекеринен айтылган эмес. Жүрөгүңөрдө үмүт болсо аны эч качан өчүрбөгүлө. Тилектин аткарылышын бирөө алып келип бербейт, ага жетүү үчүн өмүр бою аракет кылуу керек", — деди Атамбаев.

Өлкө башчысы чет тилди үйрөнүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле Атамбаев балдардын келечеги үчүн жакшы шарт түзүп берүү ар бир ата-эненин милдети экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0