Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мелис Эржигитов: биометрикалык паспорт берүү саясатташып кетти

© Фото / пресс-служба ГРС КРМамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Эржигитовдун архивдик сүрөтү
Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Эржигитовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эржигитов Жогорку Кеңеште биометрикалык паспортторго каршы күч бар экенин белгиледи.
Мелис Эржигитов: биометрикалык паспорт берүү саясатташып кетти

Биометрикалык паспорт берүү маселеси саясатташып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Эржигитов билдирди. 

Белгилей кетсек, кечээ күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети биометрикалык паспорттор тууралуу мыйзам долбоорун карап, артка кайтарган. 

"Мыйзамды артка кайтаруу жүз пайыз саясий чечим. Маселе, тилекке каршы, саясатташып кетти. Буга атайын кызыкдар топ бар. Айрым депутаттар кай бир беренелерди иштеп чыгуу керек дешти. Чындыгында андай эмес. Бардык талаптар эске алынган эле", — деди Эржигитов. 

Эске сала кетсек, мыйзам долбоору талкууланып жатканда ага каршы чыккан депутаттар жаңы үлгүдөгү паспорт берүү өзүнчө бизнеске айланып кеткенин айтышкан. Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттор кийинки жылдын жаз айларынан тарта берилерин айтып, жаңы үлгүнү көрсөткөн. 

Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешов маселе мындан ары өкмөттүн токтому менен чечилерин айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0