Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Салтанат Аманова: учак кырсыгы Россия үчүн чоң жоготуу болду

© Фото / Зульфия ТургуноваНачальник отдела социального развития мэрии Оша Салтанат Аманова
Начальник отдела социального развития мэрии Оша Салтанат Аманова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Коргоо министрлигинин Ту-154 үлгүсүндөгү учак кырсыгына байланыштуу Россиянын Ош шаарындагы башкы консулдугунда аза күтүү зыйнаты болду.
Салтанат Аманова: учак кырсыгы Россия үчүн чоң жоготуу болду

Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова калаа башчысы Айтмамат Кадырбаевдин жана жалпы эле Ош шаарынын элинин атынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

"Россиянын учагында каза болгон адамдардын жакындарына Ош шаарынын элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул трагедия белгилүү коомдук ишмерлер, дарыгерлер, маданият кызматкерлеринин жакындары үчүн гана эмес, бүтүндөй Россия үчүн чоң жоготуу болгондугун баарыбыз түшүнүп турабыз. Ылайым мындай трагедиялар кайталанбасын", — деди Аманова.

Эскерте кетсек, Сирияга учкан Россиянын Коргоо министрлигинин Ту-154 үлгүсүндөгү учагы жекшемби күнү Кара деңизге кулап түшкөн. Маалыматка ылайык учактын ичинде 92 киши болгон. Анын сегизи экипаж, 84тү жүргүнчү экени маалымдалган. Кырсыктан бир да киши аман калган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0