Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айбек Алтынбеков: ИИМ алдындагы окуу борбору иштебей жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Айбек Алтынбековдун архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Айбек Алтынбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Айбек Алтынбеков аталган окуу жайдын эмгек жамааты эки топко бөлүнүп, ызы-чуу болуп жаткандыгын кошумчалады.
Айбек Алтынбеков: ИИМ алдындагы окуу борбору иштебей жатат

ИИМ алдындагы окуу борбору иштебей жатат. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Айбек Алтынбеков парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

"Бишкектин түндүк тарабында жайгашкан ИИМге караштуу окуу борбору эки жылдан бери иштебей жатат. Анткени Мелис Турганбаев министр болуп турганда окуу жай лицей болуп өзгөрүп, курсанттар таркатылган. Бирок мугалимдер бүгүнкү күнгө чейин айлык алып келет. Кашкар Жунушалиев кайрадан окуу жайды мурунку абалына келтирип, жаңы жетекчилик шайланган. Бирок иштей элек", — деди депутат. 

Эл өкүлү учурда эмгек жамааты эки топко бөлүнүп, ызы-чуу болуп жаткандыгын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0